Лачын жолундагы абал тууралуу Түркиянын билдирүүсү

Тышкы иштер министрлигинин Лачын жолундагы абалга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.

2024442
Лачын жолундагы абал тууралуу Түркиянын билдирүүсү

Түркия Лачын жолуна байланыштуу Азербайжанга карата айтылган сындардын эч кандай негизсиз экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин Лачын жолундагы абалга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө төмөнкү сөздөр орун алган: «Түркия Лачын жолу боюнча көптөн бери жүрүп жаткан талаш-тартыштарды кылдаттык менен байкап жатат жана Азербайжандын бул боюнча мыйзамдуу тынчсыздануусун түшүнөт. Тилекке каршы, Азербайжандын көптөн бери катуу эскертип келген бул тынчсыздануулары эске алынган жок жана натыйжада Азербайжан суверенитеттик укуктарынын чегинде ылайыктуу деп тапкан чара көргөн.

Түркия Лачын жолуна байланыштуу Азербайжанга карата айтылган сындардын эч кандай негизи жок деген пикирде. Учурда Лачын жолунан медициналык өтмөктөр, ошондой эле кеңири материалдык ташуу үчүн ылайыктуу башка каттамдар менен камсыздалганы азербайжан тарап ак ниеттүүлүк менен максималдуу күч-аракетти жумшап жатканын көрсөтүп турат.

Армениядан күткөнүбүз чагымчыл кадамдардан качуу, Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн таануу, Карабахтагы армян калкынын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн «Агдам-Ханкенди» жана башка альтернативалуу жолдорду колдонууну, ошондой эле Азербайжандын армян калкын кайра интеграциялоо аракеттерин колдоо.

Түркия аймакта тынчтык жана ырааттуулукту камсыз кылуу үчүн дос жана боордош Азербайжандын жеринин бүтүндүгү, эгемендиги жана гуманитардык аракеттери колдоого алынып, кырдаалды курчутуучу аракеттерге жол берилбеши керек деп эсептейт».



Тектеш кабарлар