Түрк учактары Кипрдин түштүгүндө машыгуу учуусун ишке ашырды

Бул тууралуу Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) социалдык медиа эсебинен маалымат бөлүштү.

2023871
Түрк учактары Кипрдин түштүгүндө машыгуу учуусун ишке ашырды

Түрк аба күчтөрүнө таандык учактар Кипр аралынын түштүгүндө Жер Ортолук деңизинин эл аралык аба мейкиндигинде машыгуу учуусун ишке ашырды.

Улуттук Коргоо министрлигинин (УКМ) социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө, «Аба күчтөрү командирлигинин ар кайсы базаларынан учуп чыккан согуштук жана колдоочу учактарыбыздын катышуусу менен Кипр аралынын түштүгүндө Жер Ортолук деңизинин эл аралык аба мейкиндигинде машыгуу учуусу ишке ашырылды»,делди.

Бөлүштүрүлгөн видеодо учактардын асманга көтөрүлүп кеткен учурлары жана Жер Ортолук деңизинин асманында тартылган видеолору бар.



Тектеш кабарлар