Эрдоган: «Чоң жана күчтүү Түркия максатына карай бекем кадам таштайбыз»

Президент Эрдоган Невшехирде (белгилүү ойчул) Хажы Бекташ Велинин Хакка жүрүшүнүн 752 жылдыгына арналган эскерүү программасына видео кайрылуу жолдоду.

2023748
Эрдоган: «Чоң жана күчтүү Түркия максатына карай бекем кадам таштайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ар кандай кыйынчылыктарга карабастан чоң жана күчтүү Түркия максатына карай бекем кадам таштагандарын айтты.

Президент Эрдоган Невшехирде (белгилүү ойчул) Хажы Бекташ Велинин Хакка жүрүшүнүн 752 жылдыгына арналган эскерүү программасына видео кайрылуу жолдоду.

Билдирүүдө биримдик жана ынтымактын маанисине басым жасаган Эрдоган: «Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана «кылымдын апааты» деп сыпатталган 11 облуска таасир эткен 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөдө мамлекет менен улут болуп кол кармашып, мүдөөсүн бириктирип зилзаланын кесепеттерин жоюунун жана калыбына келтирүүнүн аракетинде болгондорун айтты.

Жер титирөөдөн 3 гана ай өткөндөн кийин Түркиянын тарыхындагы эң маанилүү шайлоолордун бирин боордоштукка жарашкан демократия майрамында өткөрүшкөндөрүн баса белгилеген Эрдоган:«Ушул оор мезгилде алдын ала ойлонуу жана көрөгөчтүк менен иш алып баруу менен биз теги жана мазхабы боюнча бөлүп жаруу аракеттерине жол берген жокпуз. Шайлоо участкалары жабылгандан кийин шайлоо атмосферасын артка таштап, Түрк кылымынын курулушун бирге баштадык»,-деди.

Түркия Республикасынын экинчи кылымын улут кылымы кылуу үчүн мобилизациялангандарын билдирген Эрдоган:«Ар кандай кыйынчылыктарга туш болсок да, чоң жана күчтүү Түркия максатына карай бекем кадамдар менен бара жатабыз. Келечегибиз үчүн болгон бул күрөштө биздин азыгыбыз болгон ал киши Хажы Бекташи Велинин адамгерчиликти, ырайымдуулукту, боорукердикти жана бир туугандыкты даңазалаган кабарлары. 72 улутка бир көз менен кароону кеңеш кылган бул билдирүүлөрдү бекем кармап, улутубузга жана бүткүл адамзатка кызмат кылууну улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар