Террористтерге каршы күрөш уланып жатат
Улуттук Коргоо министрлиги маалымат берди.
2023397
Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында жикчил террордук уюм ПККга мүчө дагы 3 террорист таасирсиз кылынды.
Улуттук Коргоо министрлигинен «Аскерлерибизди шейит кылган чыккынчыларды жоопко тартууну улантып жатабыз» деген билдирүүдө, Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында аныкталган дагы 3 ПКК террористинин абадан операцияда жок кылынгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө: «Ушундайча аймакта кечээтен бери таасирсиз абалга келтирилген террористтердин саны 7ге жетти. Террористтер кайсы тешикке кирсе дагы кутула алышпайт»,-деген сөздөр камтылды.
«Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында шаршемби күнү кечинде ПКК мүчөлөрүнүн ок атуусунун натыйжасында 6 аскер шейит болгон.