Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсү жарыяланды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде кечээ Президенттик комплексте өткөрүлгөн УКК жыйынынан кийин билдирүү жарыяланды.

2022666
Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсү жарыяланды

Улуттук коопсуздук кеңешинде (УКК) Кара деңиздеги чыңалуунун күчөшүнүн эч кимдин кызыкчылыгына болбой турганы билдирилип, тараптарды согушту токтотуга жана дан келишимине кайтууга чакырык салынды.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде кечээ Президенттик комплексте өткөрүлгөн УКК жыйынынан кийин билдирүү жарыяланды.

Билдирүүгө караганда, жыйналышта ПКК/КЖК-ПЙД/ЙПГ, ФЕТӨ жана ДЕАШ террордук уюмдары баш болгон улуттук биримдикке жана ынтымакка багытталган ар кандай коркунуч жана кооптуулукка каршы өлкө ичинде жана тышында күч жумшалып, чечкиндүүлүк жана ийгилик менен жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалымат берилди.

Ирак менен кызматташтыктын бардык тармактарда мындан ары да өнүктүрүлүшүнүн өлкөлөрдө да, аймакта да маанилүү ийгиликтерге жетишүүгө салым кошо турганы белгиленген билдирүүдө, Түркиянын террор менен күрөшүү, коопсуздук жана ырааттуулукту камсыз кылуу аракеттерине чын жүрөктөн колдоо көрсөтүүсү кызматташтык үчүн негизди бекемдей турганы белгиленди.

Билдирүүдө Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун жүрүшү жана андан кийинки этаптарда аймакка тийгизе турган кесепеттери кеңири талкууланып, Кара деңизде чыңалуунун күчөшүнүн эч кимдин кызыкчылыгына болбой турганы баса белгиленди.

Бардык тараптарды сүйлөшүү үстөлүнө отуруп, согушту кечиктирбестен бүтүрүүгө чакырган билдирүүдө дан келишимине кайтуунун муктаж болгон өлкөлөрдө мүмкүн болгон терс көрүнүштөрдүн алдын ала турганы жана азык-түлүк ырааттуулугуна салым кошо турганы баса белгиленди.

Африкада болгон жана бүт континентке жайыла турган акыркы абалдарга баа берилген билдирүүдө континенттин көйгөйлөрүнө эң ылайыктуу чечимдерди континенттин ээлери гана таба ала турганына көңүл бурулду.

Билдирүүдө, Ислам динин бутага алуу менен 2 миллиардга жакын мусулмандарды ыза кылган жана Бириккен Улуттар Уюму тарабынан жек көрүүчүлүк кылмыштары катары сыпатталган жийиркеничтүү акциялардын алдын алуу жана кылмышкерлерди жазалоодо өз милдеттерин аткара албаган мамлекеттер, сөз эркиндигине жамынып алып сепкен жек көрүүнүн үрөнү кандай кыйратуучу кесепеттерге алып келерин түшүнүп, тез арада мамилесин өзгөртүүгө жана ыйык баалуулуктарга кол салууларга каршы биргелешип күрөшүүгө чакырылды.

Глобалдык кризиске айланган климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери мыйзамсыз миграциядан социалдык депрессияга, ички чыр-чатактардан мамлекеттер аралык кагылышууларга чейин көптөгөн көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экени баса белгиленген билдирүүдө, эл аралык коомчулуктун адилеттүү жана чын ыкластуу аракети менен кызматташуу гана адамзаттын бул жалпы көйгөйүн чечүүгө алып келе тургандыгы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар