Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында террористтердин таш талканы чыгарылды

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Түрк куралдуу күчтөрүнүн «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында террористтердин уяларына катуу сокку уруусун улантканы белгиленди.

2023001
Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында террористтердин таш талканы чыгарылды

Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Чеңгел-Кулпу операциясы» аймагында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 4 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Түрк куралдуу күчтөрүнүн «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында террористтердин уяларына катуу сокку уруусун улантканы белгиленди.

Билдирүүдө : «Операциялар уланып жатканда кечээки кыянаттык кол салууну пландаган дагы 4 ПКК террористи таасирсиз кылынды, шейиттерибиздин канын жерде калтырган жокпуз жана калтырбайбыз»,-деп айтылды.

Операция тууралуу көрүнүштөр да бөлүшүлдү.

Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында кечээ кечинде жикчил террордук уюм мүчөлөрүнүн ок атуусунун себебинен 6 аскер шейит болду.

Ички иштер министри Али Йерликая да Шырнактын Бейтүшшебап районунун элет жеринде ПККга мүчө 2 террористтин жок кылынганын билдирди.

«Акыркы террорист жок кылынмайынча күрөшүбүз уланат»,-деп жазган Йерликая, операцияга байланыштуу кадрларды да бөлүштү.



Тектеш кабарлар