Түркия Улуу Британия менен миграция боюнча келишим түздү

Келишимге ылайык, Түркия менен Британиянын полиция күчтөрү адам сатуучу топторго жана кайык соодасына каршы кеңири биргелешкен операцияларды жүргүзөт.

2022331
Түркия Улуу Британия менен миграция боюнча келишим түздү

Улуу Британия Түркия менен Европага мыйзамсыз миграцияны басаңдатуу боюнча келишимге кол койду.

Келишимге ылайык, Түркия менен Британиянын полиция күчтөрү адам сатуучу топторго жана кайык соодасына каршы кеңири биргелешкен операцияларды жүргүзөт.

Англияда келерки жылы өткөрүлүшү күтүлгөн жалпы шайлоо алдында мыйзамсыз мигранттар күн тартибинде турганда, өкмөт келишимдин эки өлкөнүн полиция күчтөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдей турганын жарыялады.

Өкмөттөн жасалган билдирүүдө бажы маалыматтарынын жаңы түшүнүшүү меморандумунун алкагында тезирээк бөлүшүлө турганы белгиленди.

Британиянын ички иштер министри Суэлла Браверман:«Жакын досубуз жана шериктешибиз Түркия менен болгон өнөктөштүгүбүз полиция күчтөрүбүзгө бул эл аралык маселеде биргелешип иштөөгө мүмкүндүк берет»,-деди.

Премьер-министр Риши Сунак, сурамжылоонун жыйынтыгына караганда чоң айырма менен алдыда келе жаткан Эмгек партиясы менен ажырымды кыскартуу үчүн өлкөгө кирген мыйзамсыз иммигранттардын санын азайтуу милдетин алды.



Тектеш кабарлар