Түркия Пакистанга көңүл айтты

Пакистандын Навабшах шаарына жакын жерде жүргүнчү ташыган поезддин 10 вагонунун рельстен чыгып кетишинин натыйжасында 28 адам каза болуп, 50 киши жаракат алган.

2020912
Түркия Пакистанга көңүл айтты

Түркия Пакистандагы поезд кырсыгында каза болгондорго байланыштуу көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Тышкы иштер министрлиги, Пакистанда кечээ катталган поезд кырсыгында каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүдө Карачиден Равальпиндиге бара жаткан жүргүнчү поездинин рельстен чыгып кетишинин натыйжасында болгон кырсыкта көп сандаган адамдардын каза табышынын терең кайгыга салганы белгиленип: «Бул каргашалуу кырсыктын кесепетинен каза болгондорго Аллахтан ырайым, дос жана боордош Пакистан эли менен өкмөтүнө, өзгөчө алардын жакындарына көңүл айтып, жараткат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,-деген сөздөр камтылды.

Пакистандын Навабшах шаарына жакын жерде жүргүнчү ташыган поезддин 10 вагонунун рельстен чыгып кетишинин натыйжасында 30 адам каза болуп, 90 киши жаракат алган.



Тектеш кабарлар