Куранды өрттөгөн Маржанды камакка алуу чечими

Бахрами Маржан кечээ Стокгольмдо полициянын карамагында Ыйык Куранды өрттөгөн.

2020463
Куранды өрттөгөн Маржанды камакка алуу чечими

Анкаранын Башкы прокуратурасы Швециянын борбор шаары Стокгольмдо Куранды өрттөгөн ирандык Бахрами Маржанды камакка алуу буйругун чыгарды.

Бахрами Маржан кечээ Стокгольмдо полициянын карамагында Ыйык Куранды өрттөгөн.

Ушундан улам Анкаранын Башкы прокуратурасы «элди ачыктан-ачык жек көрүү жана кастыкты козутуу жана коомчулуктун бир бөлүгү кабыл алган диний баалуулуктарды ачык мазактоо» кылмыштары боюнча узактан тергөө баштады.

Башкы прокуратуранын талабы менен Анкаранын 5-Жарандык кылмыш соту да шектүү Маржанды камакка алуу чечимин чыгарды.

Анкаранын Башкы прокуратурасы быйыл кээ бир Европа өлкөлөрүндө Куран өрттөлүп, Мухаммед пайгамбарга жана диний баалуулуктарга акаарат келтиргендерге карата тергөө иштерин баштады.

Бул контекстте Швеция, Дания жана Нидерландияда Куранга кол салган даниялык расист саясатчы Расмус Палудан менен Эдвин Вагенсвелд жана ушул сыяктуу аракеттерди жасаган шектүүлөр Салван Момика, Ханне Кронборг, Ларс Тейладе, Карин Йоргенсен, Бьярн Петерсен, Дион Оланд Хансен, Токе Утзен Лорензен, Филипп Бэгге жана Жон Лидекинг Андерсенди ошол эле кылмыштары үчүн камакка алуу ордерлери берилген.



Тектеш кабарлар