Модернизацияланган Су-25 учагы сыноодон өттү

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, TUSAŞ тарабынан модернизацияланган алгачкы Су-25 учагынын өлкөгө жеткени маалымдалды.

2017656
Модернизацияланган Су-25 учагы сыноодон өттү

Түрк аэрокосмостук өнөр жайы (TUSAŞ) тарабынан модернизацияланган Азербайжандын Су-25 учагынын биринчиси сыноолордон ийгиликтүү өттү.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, TUSAŞ тарабынан модернизацияланган алгачкы Су-25 учагынын өлкөгө жеткени маалымдалды.

Билдирүүдө Азербайжан учкучтарынын колдонуусуна берилген учактын сыноо учууларынын ийгиликтүү аткарылганы айтылды.

Учакка интеграцияланган түрк өндүрүшүнөн чыккан акылдуу бомба жана ракеталардын да сыноолорунун аяктаганы билдирилип, иш-аракеттердин аскердик адистер тарабынан оң бааланганы белгиленди.

Стамбулда өткөн 16-Эл аралык коргоо өнөр жай жарманкесинде (IDEF) Азербайжандын Коргоо министрлиги менен TUSAŞтын ортосунда Азербайжандын Су-25 учактарын модернизациялоо боюнча келишимге кол коюлган.



Тектеш кабарлар