Акар: "Куранга кол салуу кылмыш катары каралышы керек"

Хулуси Акар Нидерландия, Швеция жана Данияда Курани Каримге каршы жасалган провокацияларга сереп салды.

2017644
Акар: "Куранга кол салуу кылмыш катары каралышы керек"

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) Улуттук Коргоо комиссиясынын төрагасы Хулуси Акар, ыйык китептерге каршы жасалган провокациялардын жийиркеничтүү кол салуулар экенин баса белгилеп, аталган кыймылдардын кылмыш катары эсептелиши керектигин айтты.

Хулуси Акар Нидерландия, Швеция жана Данияда Курани Каримге каршы жасалган провокацияларга сереп салды.

Бул кол салууларды катуу айыптаганын белгилеген Акар: «Бирок мунун жетиштүү жана чара көрүүчү жооп эмес экенин да көрүп турабыз. Куран жана башка ыйык китептерди сыйлабоо жана кол салуу тилекке каршы дагы эле көптөгөн өлкөлөрдүн мыйзамдары боюнча кылмыш катары эсептелбейт»,-деди.

Акар, жогоруда айтылган кыймылдардын кылмыш катары каралышы үчүн коомдук пикир жаратуу жана бул темада мыйзам чыгаруу үчүн ар кандай салымдардын керектигин айтты.



Тектеш кабарлар