Эрдоган: «Түркия кылымын куруу максаты менен жолубузду улантуудабыз»

Президент Эрдоган кечээ борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте өткөн министрлер кабинетинин жыйынынан кийин элге кайрылуу жасады.

2015549
Эрдоган: «Түркия кылымын куруу максаты менен жолубузду улантуудабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия кылымын куруу максаты менен жолун улантып жатышкандарын айтты.

Президент Эрдоган кечээ борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте өткөн министрлер кабинетинин жыйынынан кийин элге кайрылуу жасады.

Эрдоган 21 жылда Түркияга алып келинген билим берүү, саламаттыкты сактоо, коопсуздук, транспорт, энергетика жана турак жай сыяктуу бардык тармактарда кеңири жайылган инфраструктуранын өсүүнүн эң маанилүү кыймылдаткыч күчү экенин белгиледи.

Соодадан өнөр жайга, айыл чарбадан туризмге чейин жумуш менен өндүрүштүн локомотиви болгон ар бир тармакта дөңгөлөктөр айланып иштеп жатканын баса белгилеген Эрдоган:«Биздин экспорт жана туризм дээрлик ай сайын рекорддорду жаңылоо менен жолун улантууда. Биздин өлкө эл аралык инвесторлордун көңүлүн көбүрөөк буруп жатат. Биз өткөргөн ар бир жолугушууда өлкөбүзгө миллиарддаган, он миллиарддаган доллар инвестиция убада кылынууда»,- деди.

Эрдоган Түркияны акыркы 20 жылда орто эсеп менен 5,5 пайызга өстүргөндөрүн, улуттук кирешени 238 миллиард доллардан 1 триллион долларга жеткиргендерин, сатып алуу паритетине карата улуттук киреше рейтингинде дүйнөдө 11-орунга чыккандарын айтты.

Иш менен камсыз кылууну 19 миллиондон 32 миллионго, экспортту 35 миллиард доллардан 254 миллиард долларга, турист санын 15 миллиондон 52 миллионго, туризм кирешесин 12 миллиард доллардан 46,5 миллиард долларга жеткиргендерин белгилеген Эрдоган:«Кыскасы, ар бир тармакта болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишип, аны бүгүнкү абалга алып келдик. Калкынын саны өсүп, жумушчу күчүнүн катышуусу арткан Түркияда азаймак турсун, жумуштуулуктун тынымсыз өсүшүнө мына ушул  көрүнүштөн улам милдеттүүбүз»,-деди.

Өлкөнүн жана улуттун эч бир утушунан кичине артка кетүүсүнө жол бербей тургандарын баса белгилеген президент Эрдоган, ырааттуулук, ишеним жана туруктуулук огунда жолун уланта тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар