Аль Нахайян: "Түркия менен эки тараптуу карым-катнаштар алдыбыздагы мезгилде абдан жакшы өнүгөт"

Аль Нахайян президент Режеп Таййип Эрдоган жана аны коштогон делегацияны Перс булуңу сапарынын алкагында борбор шаар Абу Дабидеги Эл Ватан сарайында расмий азем менен тосуп алды.

2013818
Аль Нахайян: "Түркия менен эки тараптуу карым-катнаштар алдыбыздагы мезгилде абдан жакшы өнүгөт"

Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) президенти Мухаммед Бин Заед Аль Нахайян Түркия менен эки тараптуу карым – катнаштардын келечекте абдан жакшы өнүгө турганына толук ишенгендерин айтты.

Аль Нахайян президент Режеп Таййип Эрдоган жана аны коштогон делегацияны Перс булуңу сапарынын алкагында борбор шаар Абу Дабидеги Эл Ватан сарайында расмий азем менен тосуп алды.

Саламдашуудан кийин кыскача сөз сүйлөгөн Аль Нахайян Түркия менен эки тараптуу карым-катнаштардын алдыбыздагы мезгилде абдан жакшы өнүгө турганына толук ишенгендерин айтты.

БАЭнин Түркияны өзгөчө соода, технология, энергетика, коопсуздук жана азык-түлүк тармагында негизги өнөктөш катары көргөнүн белгилеген Аль Нахайян, Түркиянын да аймактагы окуяларды жакындан байкаганын, эки өлкөнүн тең жоопкерчилиги бул өнүгүүлөргө оң жактан колдоо көрсөтүү экенин айтты.

Аль Нахайян БАЭ катары Түркия менен Египеттин ортосундагы карым-катнаштардын элчилик деңгээлине көтөрүлгөнүнөн ыраазы экендиктерин билдирип, Анкара менен Каирдин жакындашуусун бүт аймак үчүн маанилүү бир өнүгүү катары сыпаттады.

Ноябрь айында Дубайда өтө турган COP 28 Климат конференциясына Түркиянын активдүү катышуусуна маани беришкендерин белгилеген Аль Нахайян, келечек муундар үчүн дүйнөнү коргоо үчүн климат жана айлана-чөйрө боюнча биргелешкен чечимдерди чыгара ала тургандарын белгиледи.

Аль Нахайян президент Эрдоган менен болгон жолугушуусу тууралуу Twitter баракчасынан да бөлүштү.

БАЭ менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштарды күчтөндүрүү, экономикалык жана өнүгүү кызматташтыгын өз элдеринин жыргалчылыгы үчүн алдыга жылдырууну сүйлөшкөндөрүн белгилеген Аль Нахайян, аймактагы элдин жыргалчылыгы үчүн тынчтыкты, ырааттуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү колдоо үчүн оң жылыштарды куруунун маанисин да талкуулагандарын билдирди.

Жолугушуунун сүрөттөрүн бөлүшкөн Аль Нахайян: «Эрдоган менен Абу-Дабиде жолугуп жатканыма ыраазы болдум»,-деди.



Тектеш кабарлар