Мехмет Фатих Кажыр : "Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Тоггду жактырды"

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед Бин Селмандын президент Режеп Таййип Эрдоган белек кылган Түркиянын ата мекендик унаасы Тоггду жактыргандыгын айтты.

2013084

Президент Эрдогандын Перс булуңу өлкөлөрүнө барган  делегациясынын курамында орун алган Кажыр, Твиттер эсебинен  Эрдогандын Тоггду ханзаада Селманга белек кылган сүрөттөрүн жарыялады.

Ханзаада Селмандын Тоггду жактыргандыгын баса белгилеген Кажыр буларды айтты : «Президентибиздин ыраазычылыгы менен белекке берилген Тоггду Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед Бин Селман өзү колдонду. Мураскор ханзааданын унааны айдоо учурунда айткан ыраазычылыгы өлкөбүздүн жана түрк инженерлеринин сыймыктануу булагы болду".

Эрдоган жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин ханзаада Селманга Тоггду белекке берди. Эки лидер Аль Салам сарайынын короосунда бир канча убакытка чейин унааны иликтегенден кийин Эрдоган мураскор принц Селман айдаган Тогг менен мейманканасына барды.

Тектеш кабарлар