Дүйнө жүзү боюнча 15-Июль...

Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинин 7 жылдыгы кечээ дүйнөдө ар кандай иш-чаралар менен эскерилди.

2011937
Дүйнө жүзү боюнча 15-Июль...

Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинин 7 жылдыгы кечээ дүйнөдө ар кандай иш-чаралар менен эскерилди.

Америка Кошмо Штаттарында Нью-Йорктун атактуу Таймс аянтында 15-июль Демократия жана Улуттук Биримдик күнүн эскерүү аземи өткөрүлдү.

Программаны Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы жана Түрк-Америка Улуттук башкаруу комитети (TASC) уюштурду.

Таймс аянтындагы түрк желектери менен кооздолгон санариптик тактада «15-июль демократия жеңиши» деген билдирүү эртеден кечке берилип турду.

Орусиянын борбор шаары Москвада 15-июль Демократия жана Улуттук Биримдик күнүнө карата сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Москвадагы «Юнус Эмре» институтунда Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы, Маданият жана туризм министрлиги менен Түркиянын Москвадагы элчилиги тарабынан уюштурулган көргөзмөнүн ачылыш аземине Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсар, элчиликтин кызматкерлери, басма сөз кызматкерлери жана көптөгөн түрк жана орус жарандары катышты.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы Франциянын борбор шаары Парижде, Бельгиянын борбор шаары Брюсселде, Сербиянын борбор шаары Белградда жана Босния-Герцеговинанын борбор шаары Сараеводо «15-июль Түркиянын демократия жеңиши» аттуу панель өткөрдү.

Түркиянын Катардагы Доха элчилигинин социалдык медиа эсебинен берилген маалыматка караганда, 15-июль Демократия жана Улуттук Биримдик күнү программаларынын алкагында Катар Түрк биргелешкен күчтөрү командирлигинде эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Камерундун борбор шаары Яундеде Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) 15-Июль Демократия жана Улуттук Биримдик күнүнөн улам коомчулукту маалыматтандыруу максатында фото көргөзмөсүн уюштурду.

Бир тараптан Палестинанын оккупацияланган Батыш Шериасынын Эль-Бире шаарында Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан курулган «15-июль шейиттери паркы» азем менен ачылды.



Тектеш кабарлар