Эрдоган:«15-июлдун унутулушуна жана унуттурулушуна жол бербейбиз»

Эрдоган төңкөрүш аракетинин 7 жылдыгында Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы, Стамбул губернаторлугу жана Үскүдар муниципалитети менен биргеликте уюштурулган «Түркия кылымынын баатырлары» программасында сөз сүйлөдү.

2011854
Эрдоган:«15-июлдун унутулушуна жана унуттурулушуна жол бербейбиз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган:«15-июлдун унутулушуна жана унуттурулушуна жол бербейбиз»,-деди.

Эрдоган төңкөрүш аракетинин 7 жылдыгында Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы, Стамбул губернаторлугу жана Үскүдар муниципалитети менен биргеликте уюштурулган «Түркия кылымынын баатырлары» программасында сөз сүйлөдү.

«ФЕТӨнүн чыккынчыларын билгенибиздей, чыккынчылардын аркасында турган cырткы күчтөрдү, аларды колдогон борборлорду да өчпөгүдөй түрдө эсибизге туттук»,-деп айткан президент Эрдоган: «15-июлдун 7 жылдыгында билдирем, 7 жыл эмес, 70 жыл өтсө да 15-июлдун унутулушуна жана унуттурулушуна жол бербейбиз,-деп айтты.

Эрдоган:«(15-июлдагы төңкөрүш аракети) Улутубуз пайгамбарлардын мекени катары көргөн армия менен элдин ортосуна жарака салууну максат кылган»,-деди.

Президент Эрдоган: «15-июлду түшүнө албагандар бул элдин каракчыга, чөөлөргө, хунтага уруксат бербеген  асыл позициясын түшүнө албайт»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар