15 - июль шейиттери эскерилди

Бештепе Миллет мечитинде  өткөн программада 15 -  июль шейиттери дубалар менен эскерилди.

2011831
15 -  июль шейиттери  эскерилди

ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетинин  7 -  жылында борбор шаар Анкарада Бештепе Миллет мечитинде  өткөн программада 15 -  июль шейиттери дубалар менен эскерилди. 

 

Вице - президент Жевдет Йылмаз президенттик комплекстин алдындагы 15-июль эстелигине гүлчамбар койду.

15-июль Демократия жана улуттук биримдик майрамынан улам Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги (TBMM) 15-июль шейиттер эстелигинде азем өткөрүлдү.

Аземде парламенттин спикери Нуман Куртулмуш менен вице-президент Жевдет Йылмаз 15-июль шейиттер эстелигине гвоздика ташташты.  

Йылмаз бул жерде сүйлөгөн сөзүндө террордук уюмга оор сокку урулганын, аныкталган уюмдун мүчөлөрүнүн мамлекеттик мекемелерден четтетилгедигин айтып : "Жаштарыбызды, келечегибизи жана эркиндигибизди бутага алган бардык чөйрөлөргө каршы бир дагы шейиттин канын же бир дагы ардагердин канын жерге калтырган жокпуз жана калтырбайбыз. Эл аралык аренада террордук уюмдардын, өзгөчө ФЕТӨнүн жалган маалыматына жооп берип, дипломатиялык байланыштарыбызда бул темадагы кызыл сызыгыбызды ар бир мүмкүнчүлүктө маектештерибизге билдирип жатабыз. Ар дайым айтканыбыздай  ФЕТӨ жана ушуга окшогон уюмдардын дарысы  эркин ойлогон адамдар жана мамлекеттин акылы менен аракет кылган көз карандысыз башкаруулар",- деди. 

 

Йылмаз Анадолунун кылымдардан бери келген акылмандыгы менен бул чыккынчы уюмдарга каршы  позицияны карманган улуттун мүчөсү болуу сыймык экендиигн айтып, дагы бир жолу кайталанбашы үчүн бул төңкөрүштү унуттурбай тургандарын белгиледи.  



Тектеш кабарлар