Тышкы иштер министри Хакан Фидан  Видодо менен жолугушту

Тышкы иштер министрлигинин Твиттер эсебинен жасалган билдирүүдө министр Фидандын Индонезиянын президенти Видодо тарабынан кабыл алынгандыгы маалымдалды.

2011316
Тышкы иштер министри Хакан Фидан  Видодо менен жолугушту
borrell-fidan.jpg
fidan endonezya gorusmeler2.jpg
fidan endonezya gorusmeler1.jpg
fidan endonezya gorusmeler.jpg
Hakan Fidan-Joko Widodo.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин (АСЕАН) тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында барган Индонезияда президент Жоко Видодо менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин Твиттер эсебинен жасалган билдирүүдө министр Фидандын Индонезиянын президенти Видодо тарабынан кабыл алынгандыгы маалымдалды.

Хакан Фидан АСЕАНдын тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды да өткөрдү.

Фидан Бангладештин тышкы иштер министри АК Абдул Момен, Брунейдин экинчи тышкы иштер министри Дато Эриван Юсоф, Вьетнамдын тышкы иштер министри Буй Тхан Сон жана Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл менен жолугушту.

Хакан Фидан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен да жолугушту.

Жолугушууда Фидан менен Блинкендин Вильнюста өткөрүлгөн НАТОнун лидерлер саммитинде кабыл алынган чечимдердин уландысы жана Афганстанда учурдагы абалды талкуулагандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар