Түркияда чыгарылган Канаданын биринчи электр буксирлери Ванкувер шаарына жеткирилди

«Haisea Wamis» деп аталган буксир кеме Британ Колумбиясынын Китимат шаарындагы «LNG Canada» суюлтулган жаратылыш газ экспорттоо терминалында кызмат кылат.

2011353
Түркияда чыгарылган  Канаданын биринчи электр буксирлери Ванкувер шаарына жеткирилди

Түрк кеме куруу фирмасы тарабынан Түркияда чыгарылган Канаданын биринчи нөл газдуу жана толугу менен электрлүү буксирлери Ванкувер шаарына жеткирилди.

Фирманын Стамбулдагы верфинде чыгарылган «Haisea Wamis» деп аталган буксир кеме Британ Колумбиясынын Китимат шаарындагы «LNG Canada» суюлтулган жаратылыш газ экспорттоо терминалында кызмат кылат.

Компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Али Гүрүн быйыл экөөсү электрдик жана экөөсү да  гибриддик дизелдик кыймылдаткычтуу болгон дагы төрт буксирди жеткире тургандарын айтты.

Гүрүн  Канаданын бүткүл жеринде кеңири буксирлик жана деңиз кызматтарын көрсөткөн «KOTUG Canada» менен да  эки даана дүйнөнүн биринчи метанол менен күйүүчү коштоо буксирлеринин экөөсү үчүн келишимге кол коюшкандарын белгиледи

Гүрүн Транс Тоо мунай куурунун кубаттуулугун жогорулатуу долбоору аяктаганда буксирлердин чийки мунай экспортоо портуна токтой турган танкерлерге кызмат кыла тургандыгын  айтты

 

 



Тектеш кабарлар