Хакан Фидан АСЕАН жыйыны үчүн Индонезияга барат

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Хакан Фидан Индонезиянын тышкы иштер министри Марсуди жана АСЕАНдын баш катчысы Као Ким Хурн менен үч тараптуу жолугушуу өткөрөт.

2010847
Хакан Фидан АСЕАН  жыйыны үчүн Индонезияга барат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан АСЕАН-Түркия сектордук диалог өнөктөштүгүнүн үч тараптуу жыйынына катышуу үчүн Индонезияга барат.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Хакан Фидан 13 – 15 -  июлдагы сапарында АСЕАНдын кезектешкен башкаруучусу, Индонезиянын тышкы иштер министри Марсуди жана АСЕАНдын баш катчысы Као Ким Хурн менен үч тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Жолугушууда мамилелеринин учурдагы абалына баа берилип, алдыдагы мезгилде кызматташуу боюнча сунуштар талкууланат.

Тышкы иштер министри Фидандын индонезиялык кесиптеши менен эки тараптуу жолугушуу өткөрө тургандыгы билдирилген маалыматта, жолугушууда Түркия-Индонезия карым-катнаштарынын  түрдүү багыттары каралып, аймактык жана эл аралык абалдар тууралуу пикир алмашаардын болору белгиленди.

 



Тектеш кабарлар