Эрдоган Берлин жер титирөө конференциясына видео билдирүү жөнөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган 6 - февралда эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин аймакта бүткөрүлгөн үйлөрдүн октябрь - ноябрь айларында тапшырыла баштаарын айтты.

2010882
Эрдоган Берлин жер титирөө конференциясына видео билдирүү жөнөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган 6 - февралда эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин аймакта бүткөрүлгөн үйлөрдүн октябрь - ноябрь айларында тапшырыла баштаарын айтты.

Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдиги менен Германиянын соода жана өнөр жай палатасы тарабынан Германияда өткөрүлгөн «Берлин жер титирөө конференциясына» видео кайрылуу жиберди.

6 -  февралда Кахраманмарашта  эки  чоң жер титирөө болгондугун, «кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөн жер титирөөдө 50 миңден ашуун кишинин каза болгондугун эске салган Эрдоган жер титирөөнүн таасири чоң болгон  11 облуста 311  миң имараттын колдонулбай турган абалга келгендигин айтты.

Иш орундары, айыл чарба аймактары, ишканалар жана заводдордун жабыркагандыгын, 14 миллион кишинин жер титирөөнүн терс таасирин  башынан өткөргөндүгүн белгилеген Эрдоган, биринчи күндөн тартып мамлекеттин бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялагандарын жана элдин да жер титирөө аймагындагы бир туугандары үчүн мобилизацияланганын эске салды.

Жер титирөө болгон аймакка дүйнөнүн төрт бурчунан келген дос жана боордош өлкөлөрдүн жардамын эч качан унутпай тургандарын баса белгилеген Эрдоган, бул оор күндө Түркиянын жанында болгон ар бир адамга  ыраазычылык билдиргендигин белгиледи.

Аймакта турмуштун калыбына келиши үчүн аракет кылып жаткандарын айткан Эрдоган : «Жер титирөө коркунучу болбогон аймактарда туруктуу турак жайларды курууну ылдам баштадык. Октябр, ноябрь айларынан тарта курулушу бүткөн турак жайларды тапшыра баштайбыз. Биринчи жылы  319 миң турак жайдын курулушун бүтүрүп ээлерине тапшырабыз. Жалпы  650 миң турак жай курууну максат кылуудабыз. Шаарларыбызды мурункуга караганда дагы коопсуз, чыдамдуу абалга алып келүүдө чечкиндүүбүз. Жер титирөөнүн өлкөбүздүн экономикасына алып келген чыгымы  жалпы  104 миллиард доллар. Досторубуздун  да колдоосу менен бул оор жүктүн астынан бирдикте чыгабыз».



Тектеш кабарлар