Алтун: «Түркия Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен болгон күрөшүн бүт күчү менен улантып жатат»

Алтун Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан 15-Июль Демократия жана Улуттук Биримдик күнүнүн алкагында Швециянын борбор шаары Стокгольм менен Германиянын борбор шаары Берлинде өткөрүлгөн панелге видео аркылуу кайрылуу жасады.

2011016
Алтун: «Түркия Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен болгон күрөшүн бүт күчү менен улантып жатат»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгыгын башчысы Фахреттин Алтун Түркиянын Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен болгон күрөшүн бүт күчү менен улантып жатканын айтты.

Алтун Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан 15-Июль Демократия жана Улуттук Биримдик күнүнүн алкагында Швециянын борбор шаары Стокгольм менен Германиянын борбор шаары Берлинде өткөрүлгөн «15-Июль Түркиянын демократия жеңиши панелинин» катышуучуларына видео кайрылуусу менен кайрылды.

Алтун Түрк куралдуу күчтөрүнө (ТКК) кирип кеткен ФЕТӨго таандык бир топ тарабынан ишке ашырылууга аракет кылынган чыккынчы төңкөрүш аракетинин (2016-жылдын 15-июль) ыйык түрк улуту тарабынан мизинин майтарылышынын жетинчи жылында экенибизди эске салды.

Түркия 15-июлга караган түнү улут-мамлекет интеграциясы менен төңкөрүш аракетине туруштук берип жатканда, кээ бир борборлордун үн катпай калуусуна жана эки ача билдирүүлөрүнө туш болгонун айткан Алтун:«Түрк улуту жашоосу, мекени жана эгемендиги менен сыналган сыноодон ийгиликтүү өтсө да, өзүн Түркиянын досу жана союздашы катары белгилеген, демократиянын, адам укуктарынын, эркиндиктеринин жана башка ушул сыяктуулардын ээси катары көргөн көптөгөн борборлор, тилекке каршы, алар ошол түнү туш болгон сыноодон өтпөй калышты»,-деп айтты.

Түрк улуту жана мамлекети эч нерсеге карабастан төңкөрүш аракетин токтотуп, бул чыккынчы топту бардык мекеме жана уюмдарынан кууп чыгуу үчүн чоң күрөш жүргүзгөнүн баса белгилеген Алтун: «ТКК жана коопсуздук күчтөрү баш болгон бардык мекеме жана уюмдар канкор ФЕТӨдөн тазаланды. Мамлекетибиз бүгүнкү күндө да болгон күчү менен ФЕТӨго каршы күрөшүн улантууда»,-деди.

ФЕТӨ бир гана Түркиянын эмес, анын гүлдөшүнө шарт түзгөн ар бир мамлекеттин душманы экенине көңүл бурган Алтун: «ФЕТӨ глобалдык террордук уюм жана башка бардык террордук уюмдар сыяктуу бул уюмга каршы да эл аралык кызматташтык жана тилектештикке негизделген күрөш жүргүзүлүшү керек»,-деди.



Тектеш кабарлар