Түркия Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө жашыл жарык жакты

Швеция Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессин жана Бажы биримдигин жаңыртуу, визаларды либералдаштырууну активдүү колдойт.

2009724
Түркия Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө жашыл жарык жакты

Швеция Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессин жана Бажы биримдигин жаңыртуу, визаларды либералдаштырууну активдүү колдойт.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг кечээ Литванын борбор шаары Вильнюстагы НАТО саммитинде жолугушту.

Түркия, Швеция жана НАТОнун үч тараптуу жолугушуусунан кийин жасалган жазуу түрүндөгү маалыматта Түркия Швециянын НАТОго кошулуу протоколдорун Түркия Улуу Улуттук Парламентине жөнөтөрүн, Швециянын Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессине карата аракеттерин колдой тургандыгын билдирди.

Түркия жана Швециянын 2022 -  жылы Мадридде болгон НАТО саммитинде курулган Үч тараптуу туруктуу өнөктөштүк механизми жана министрлер деңгээлинде жылда бир жолу жолугушуу жана ылайыктуу иш алып баруу  топторун түзө турган  жаңы эки тараптуу Коопсуздук механизмдин алкагында кызматташууну улантуу тууралуу макулдашканы белгиленген билдирүүдө булар айтылды : «Коопсуздук комитетинин биринчи жыйынында Швеция, терроризмдин  бардык түрү менен күрөшүнүн негизи катары Үч тараптуу келишимдин  4 -  беренси  да болгон бардык жагдайлардын  толук мааниде ишке ашырылышына карата жол картасын сунуштайт. Швеция ЙПГ/ПЙДга жана Түркияда ФЕТО катары аныкталган уюмга колдоо көрсөтпөй турганын дагы бир жолу кайталады. Түркия менен Швеция террор менен күрөшүү кызматташтыгынын Швециянын НАТОго мүчөлүгүнөн кийин дагы улана турган узак мөөнөттүү аракет экендигинде бирдей пикирде».

Түркия менен Швециянын Түркия - Швеция биргелешкен экономикалык жана соода комитети (JETCO) аркылуу экономикалык кызматташтыкты арттыруу боюнча да макулдашкандыгы билдирилген маалыматта Түркия менен Швециянын эки тараптуу соода жана инвестицияны арттыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу түрдө арттыруунун жолдорун издей тургандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар