Столтенберг: «Түркия менен Швециянын ортосунда эки тараптуу коопсуздук механизми түзүлүп, иштейт»

Столтенберг Вильнюстагы НАТО саммитинин алдында кечээ Швециянын НАТОго мүчөлүк арызы тууралуу президент Режеп Таййип Эрдоган жана Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон менен жолугушкандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2009612
Столтенберг: «Түркия менен Швециянын ортосунда эки тараптуу коопсуздук механизми түзүлүп, иштейт»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркия менен Швециянын акыркы бир жылда террор менен күрөшүүдө кызматташтыгын арттырганын, кечээки келишимден кийин бул кызматташтыктын Швециянын мүчөлүгүнөн кийин дагы улана турганын айтты.

Литванын борбору Вильнюста НАТОнун саммитинин расмий ачылышынын алдында НАТО Швециянын милдеттенмелеринин гаранты болобу деген суроого Столтенберг мындай деди: «Түркия менен Швеция келишимге баш ийет деп ишенем. Бул шериктештикке киргенден кийин дагы уланат деп ишенем»,-деп айтты.

Башкы катчы Столтенберг: «Биз Мадридден бери терроризмге каршы күрөштү көп жолу талкууладык. Бул кызматташуу Швеция толук кандуу мүчө болгондон кийин улана турган туруктуу милдеттенменин жана макулдашуунун белгиси»,-деди.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг мурдагы билдирүүсүндө Түркия менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ортосундагы F-16га байланыштуу диалогду кубаттай турганын айткан.

Столтенберг Литванын борбор шаары Вильнюста бүгүн баштала турган НАТО саммитинин алдында өткөрүлгөн форумда сөз сүйлөдү.

Йенс Столтенберг да Түркиянын АКШдан F-16 согуштук учактарын сатып алуу планынын Швециянын НАТОго мүчөлүк арызына байланыштуу Түркия, Швеция жана НАТОнун ортосунда кечээ түзүлгөн келишимдин бир бөлүгү эмес экенин айтты.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркия менен Швециянын ортосунда эки тараптуу коопсуздук механизми түзүлө турганын айтты.

Столтенберг Литванын борбор шаары Вильнюстагы НАТО саммитинин алдында кечээ Швециянын НАТОго мүчөлүк арызы тууралуу президент Режеп Таййип Эрдоган жана Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон менен жолугушкандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Столтенберг: «Түркия менен Швеция бүгүн эки тараптуу коопсуздук механизмин түзүүнү макулдашты. НАТО да бул багыттагы ишин олуттуу түрдө арттырат. Мен болсо НАТОнун тарыхында биринчи жолу Террор менен күрөшүү боюнча атайын координаторду дайындайм»,-деп айтты.

Столтенберг Түркия менен Швециянын ортосунда түзүлүүгө чечим чыгарылган эки тараптуу коопсуздук механизминин жаңы сүйлөшүү процесси эмес, Мадридде мурда макулдашылган маселелердин ишке ашырылышы тууралуу болгонун айтты.

Түркия менен Швециянын тынчсыздануулары боюнча орток пикир пайда болгонун айткан Столтенберг, орток платформа табышкандарын жана бул боюнча алдыга жылгандарын айтты.

Түркия менен Швециянын ортосундагы эки тараптуу коопсуздук механизми жыл сайын жогорку деңгээлдеги жыйын өткөрө турганын, террордун бардык түрү жана көрүнүшү менен күрөшүлө турганын белгилеген Столтенберг: «Террор менен күрөшүү боюнча атайын координатор биздин террорго каршы аракеттерибизди күчөтөт. Бул Түркиянын талабы болчу. Бүгүнкү келишимдин алкагында атайын координаторду дайындаганыма абдан кубанычтамын»,-деди.



Тектеш кабарлар