Эрдоган эки тараптуу жолугушууларды бөлүштү

Президент Эрдоган Литванын борбор шаары Вильнюста өткөрүлгөн НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинде эки тараптуу жолугушууларын улантууда.

2009972
Эрдоган эки тараптуу жолугушууларды бөлүштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчылар саммитинин алкагында лидерлер менен болгон жолугушууларын социалдык медиа эсебинен бөлүштү.

Президент Эрдоган Литванын борбор шаары Вильнюста өткөрүлгөн НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинде эки тараптуу жолугушууларын улантууда.

Эрдоган саммиттин алкагында лидерлер менен болгон жолугушууларын социалдык медиа эсебинен бөлүштү.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугушуусуна байланыштуу президент Эрдоган: «НАТОнун саммитинин алкагында өткөргөн бул жемиштүү жолугушуунун өлкөлөрүбүз үчүн пайдалуу болушун каалайм»,-деди.

Эрдоган, Британиянын премьер-министри Риши Сунак менен жолугушуусуна байланыштуу:«Биз союздаштарыбыз менен тыгыз кызматташып, союзубузга салым кошууну улантабыз», - деди.

Канаданын премьер-министри  Жастин Трюдо менен жолугушуусуна байланыштуу, «Бул биздин өлкөлөр үчүн пайдалуу болсун»,-деп бөлүшкөн Эрдоган, Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен болгон жолугушуусуна да токтолуп: «Тарыхый маанилүү саммитибизди интенсивдүү сүйлөшүүлөрүбүз менен эң эффективдүү баалоого аракет кылып жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар