АКШнын Түркияга F-16 учактарын сатуу маселеси...

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер күнүмдүк маалымат жыйынында басма сөз мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.

2009495
АКШнын Түркияга F-16 учактарын сатуу маселеси...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаменти бир канча убакыттан бери Түркияга F-16 учактарын сатууну ачык колдогондорун билдирди.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер күнүмдүк маалымат жыйынында басма сөз мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Швециянын НАТОго мүчөлүгү менен F-16ны сатуунун эки башка маселе экенин белгилеген Миллер: «Биз F-16лардын сатылышы боюнча бир топтон бери Түркияны колдой турганыбызды ачык айтканыбыз сыяктуу, аларга жеке сүйлөшүүдө да айтабыз. Бирок биз канчалык ишенбесек дагы бул маселенин ал жердеги НАТОго мүчөлүккө байланыштуу болушу керек деп эсептеген конгрессмендердин бир тобу бар»,-деп айтты.

Миллер, Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу Түркиянын тынчсызданууларын жоюу үчүн «конституцияны өзгөрткөнүн, жаңы мыйзамды кабыл алганын, террор боюнча шектелгендерди кармаганын жана териштирүүлөрүн улантканын» белгилеп, булардын Түркиянын тынчсыздануусун басаңдатууга жетиштүү экенине ишенгендерин айтты.

«Түркиянын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушуулар улана турганын» белгилеген басма сөз катчысы, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин акыркы 5-6 күндө үч жолу сүйлөшкөн түрк кесиптеши Хакан Фидан менен «ылайыктуу бир убакта жаңы жолугушуу өткөрө турганына ишенгенин, бул маселе АКШ үчүн жогорку артыкчылыктуу болуп саналарын» белгиледи.

Миллер, суроо боюнча Түркиянын Европа Биримдиги максаттарын колдоону уланта тургандарын, мунун ЕБ менен Түркиянын ортосундагы бир маселе экенин айтты.

Литванын борбор шаары Вильнюста Түркия, Швеция жана НАТОнун үч тараптуу жолугушуусунан кийин жасалган билдирүүдө Түркия Швециянын НАТОго кошулуу протоколдорун Түркия Улуу Улуттук Жыйынына (TBMM), Швеция болсо Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессин жандандыруу аракеттерин колдой турганы белгиленди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн темага байланыштуу билдирүүсүндө Түркиянын Швециянын НАТОго мүчө болуу протоколдорун парламентке сунуштай турганы жөнүндөгү билдирүүсүн кубаттагандарын айтты.



Тектеш кабарлар