Алтун: «Учурда Түркия Швециянын НАТОго мүчөлүгүн бекитүүсү мүмкүн эмес»

Алтун Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан Литванын борбор шаары Вильнюс шаарында өткөрүлгөн Түркиянын Трансатлантикалык коопсуздукка кошкон салымы жана НАТОнун Трансформация панелине видео кайрылуу жолдоду.

2009362
Алтун: «Учурда Түркия Швециянын НАТОго мүчөлүгүн бекитүүсү мүмкүн эмес»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Швеция провокация жана террор менен күрөшүүдө так позицияны карманбаса, Түркиянын НАТОго мүчөлүгүн бекитүүсү мүмкүн эместей көрүнгөнүн айтты.

Алтун Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан Литванын борбор шаары Вильнюс шаарында өткөрүлгөн НАТОнун Лидерлер саммитинин алкагында Түркиянын Трансатлантикалык коопсуздукка кошкон салымы жана НАТОнун Трансформация панелине видео кайрылуу жолдоду.

Коммуникация башчысы Алтун, НАТОнун 2022-жылга карата стратегиялык концепциясында белгиленгендей, альянстын негизги милдеттеринен тышкары эң маанилүү маселелердин башында террор менен күрөшүү бар экенин жана бул контекстте Түркиянын терроризмге каршы күрөштө альянстын мүчөлөрүнүн колдоосун көргүсү келгенин баса белгиледи.

Финляндия менен Швециянын мүчөлүк арыздарына келгенде бул мамлекеттерге жана башка шериктештерге эскертүүлөр жана күтүүлөр ачык айтылганын эске салган Алтун, ушундан улам Түркия, Финляндия жана Швециянын өткөн жылы өткөрүлгөн НАТОнун Мадрид саммитинде үч тараптуу меморандумга кол койгонун эске салды.

бул келишимге ылайык түзүлгөн Туруктуу орток механизм жагынан террор менен күрөшүүнүн чоң мааниге ээ экенине көңүл бурган Алтун төмөнкүдөй ой бөлүштү: «Чындыгында биз Финляндиянын үч тараптуу меморандумдагы милдеттенмелерин аткаруу үчүн чын ыкластуу кадамдарды жасаганын көрдүк жана НАТОго мүчөлүккө жол ачтык. Швеция меморандумдун шарттарын аткарууга жетишээрлик чечкиндүү эместей көрүнөт жана терроризм менен өз ара так аралыкты кое албай жатат. Мындан тышкары сөз эркиндигине жамынып Куран мусхафынын өрттөлүшү, тилекке каршы күчөп бараткан исламофобия жана чет элдик душмандыкты колдогон провокация Түркия үчүн көз жаздымда кала турган абал эмес. Бул аракеттер жана кол салуулар биздин милдеттенмелердин аткарылышына болгон ишенимибизге олуттуу зыян келтирди.

НАТО демократиялык баалуулуктарды биринчи орунга койгон альянс экенин жана ар кандай ыйыктыкка каршы мындай жек көрүү аракеттери демократиянын же сөз эркиндигинин алкагында каралышы мүмкүн эмес экенин дагы бир жолу ачык жана так эскертебиз. Швециянын бийликтеринин буга чейин да башынан өткөргөн мындай ырайымсыз аракеттерге уруксат берүүчү мамилеси Швециянын мүчөлүгүнө олуттуу шектенүүлөрдү жаратууда. НАТОдогу өнөктөшүбүз болууну каалаган Швеция провокацияларга каршы керектүү чараларды көрбөсө жана террор менен күрөшүүдө так позицияны карманбаса, Түркиянын НАТОго мүчөлүгүн бекитүү мүмкүн эместей көрүнөт».



Тектеш кабарлар