Хакан ФиданТүркия – Финляндия - Швеция Туруктуу биргелешкен механизм жыйынына катышты

Швециянын милдеттенмелерин аткарды деген сөздөрдүн өзүнчө каралышы керектигине көңүл бурган Фидан «убакыт кысымын» бир ыкма катары колдонууну жактырбагандарын белгиледи.

2008347
Хакан ФиданТүркия – Финляндия - Швеция Туруктуу биргелешкен механизм жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Хакан Фидан : «ПКК, ФЕТО сыяктуу террордук уюмдар жана аларга караштуу түзүмдөр Швециянын көчөлөрүндө митингдерди улантып, мүчөлөрдү кабыл алып, каржы булактарына жете ала турган болсо анда мыйзамдарды өзгөртүүнүн мааниси жок»,- деди. Министр Фидан Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТОнун борборунда кечээ өткөрүлгөн Түркия – Финляндия - Швеция Туруктуу биргелешкен механизм жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Фидан жолугушууда НАТОнун Мадриддеги саммитинде кол коюлган үч тараптуу меморандумдун негизинде Финляндия менен Швециянын өзгөчө террор менен күрөшүүдө таштаган кадамдарынын каралгандыгын айтып : «НАТОго кирүүнү каалаган өлкөлөр терроризмге каршы күрөштө бекем позицияны карманышы зарыл»,- деди.

Фидан : "Швеция мыйзамдык өзгөртүүлөр боюнча кадамдарды жасады, бирок мыйзамдык өзгөртүүлөр иш жүзүндө чагылдырылышы керек",- деп   үчтүк меморандумдун талаптарын так аткаруу керектигин баса белгиледи.

Фидан : «Бир тараптан  Курман айттын биринчи күнүндө миллиарддаган мусулмандын ыйык Куран китебине ырайымсыз кол салууга уруксат берилиши биз көз жаздымда калтыра турган жагдай эмес. Биринчи  жолу болуп жаткан жок. Ушундайча террордук уюмдардын  аракеттерине уруксат берген бир өлкөнүн терроризм менен күрөшүүгө кандай салым кошоору талкууга ачык абалга келүүдө»,- деди.

Швециянын милдеттенмелерин аткарды деген сөздөрдүн өзүнчө каралышы керектигине көңүл бурган Фидан «убакыт кысымын» бир ыкма катары колдонууну жактырбагандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар