Түркия Столтенбергдин кызмат мөөнөтүн узартуусун кубаттады

Бул тууралуу Тышкы иштер министрликтин жазуу түрүнрдөгү билдирүүсү жарыяланды.

2007258
Түркия Столтенбергдин кызмат мөөнөтүн узартуусун кубаттады

Түркия НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин кызмат мөөнөтүн дагы бир жылга төртүнчү ирет узартуусун кубаттады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, НАТО Кеңешинин Столтенбергдин мандатын 2024-жылдын 1-октябрына чейин узартуу чечимин кубаттаганы билдирилип: «Кызмат учурунда өлкөбүз менен тыгыз кызматташтык жана тилектештик көрсөткөн башкы катчы Столтенбергди куттуктайбыз»,делди.

Билдирүүдө, «2014-жылы кызматка киришкенден бери терроризм менен кошо күчөгөн коркунучтар жана чакырыктар алдында альянстын биримдигин жана ынтымагын сактап калуу үчүн талыкпай эмгектенген баш катчы Столтенбергдин зарыл болгон лидерликти көрсөтүүнү улантат деп ишенебиз»,деген баалоо камтылган.

НАТОнун кечээги билдирүүсүндө шериктеш өлкөлөрдүн баш катчы Столтенбергдин 30-сентябрда бүтө турган кызмат мөөнөтүн узартууну макулдашканы кабарланган. Бул чечим менен Столтенберг НАТОнун баш катчысы кызматын 2024-жылдын 1-октябрына чейин улантат.



Тектеш кабарлар