Өмүралиев: «Бул сапар ТМУнун саясий ролунун жогорулашынын көрсөткүчү»

Түркиянын Европа Биримдигиндеги Туруктуу өкүлү, элчи Фарук Каймакжы Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) баш катчысы Кубанычбек  Өмүралиевдин Брюсселге жасаган иш сапарына карата кабыл алуу өткөрдү.

2007173
Өмүралиев: «Бул сапар ТМУнун саясий ролунун жогорулашынын көрсөткүчү»

Түркиянын Европа Биримдигиндеги Туруктуу өкүлү, элчи Фарук Каймакжы Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) баш катчысы, элчи Кубанычбек  Өмүралиевдин Брюсселге жасаган иш сапарына карата кабыл алуу өткөрдү.

Кабыл алууга ТМУга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн элчилери, ошондой эле ЕБ Комиссиясынан, Европарламенттен (ЕП), ЕБ Кеңешинен өкүлдөр жана көптөгөн коноктор катышты.

Кабыл алууда сөз сүйлөгөн Өмүралиев, Евробиримдиктин мекемелерине сапар жасаган ТМУнун алгачкы баш катчысы болгонун белгилеп: «Бул сапар ТМУнун өз аймагында жана эл аралык аренадагы саясий ролунун жогорулашынын көрсөткүчү»,-деди.

Өмүралиев кызмат учурунда TМУ-Европа Биримдиги карым-катнаштары үчүн бекем негиз түзүүгө жана ЕБ институттары менен кызматташтык түзүүгө аракет кылаарын билдирди.

TМУ өлкөлөрүнүн энергия менен камсыздоо жана анын коопсуздугунда маанилүү орунга ээ экенин, Азия менен Европанын ортосундагы маанилүү транзиттик жол экенин эске салган Өмүралиев: «Түрк мамлекеттери дүйнөлүк азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту жана товарларды үзгүлтүксүз ташууну камсыздоого даяр»,- деди.

Түркиянын Евробиримдиктеги туруктуу өкүлү Каймакжы түрк коомчулугунун бир гана Борбор Азия жана Анадолуда эмес, Украина, Балкан жана Европа сыяктуу кеңири географияда да бар экенин эске салды.

Каймакжы: «Борбор Азия жана Түрк дүйнөсү Европа үчүн өзгөчө транспорт жана энергетика, ошондой эле тынчтык жана ырааттуулук үчүн маанилүү. Ушул себептен TМУнун Брюсселде көбүрөөк бар болушу, ЕБнин TМУ менен дагы жакшы жана структуралык байланыштарын өнүктүрүүсү керек экенине ишенебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар