Каймакжы: «ЕБ мыйзамсыз миграция менен күрөшүүдө комплекстүү мамиле жасашы керек»

Түркия Эл аралык Миграция саясатын өнүктүрүү борборунун (ICMPD) Аткаруу кеңешинин мөөнөттүү төрагалыгынын алкагында, Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) кеңсесинде иш-чара өткөрдү.

2007128
Каймакжы: «ЕБ мыйзамсыз миграция менен күрөшүүдө комплекстүү мамиле жасашы керек»

Түркиянын Европа Биримдигиндеги (ЕБ) туруктуу өкүлү Фарук Каймакжы Евробиримдиктин мыйзамсыз миграция менен күрөшүүдө комплекстүү мамиле жасашы керектигин айтты.

Түркия биринчи жолу ишке ашырган Эл аралык Миграция саясатын өнүктүрүү борборунун (ICMPD) Аткаруу кеңешинин мөөнөттүү төрагалыгынын алкагында, Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) кеңсесинде иш-чара өткөрүлдү.

Элчи Каймакжы жана Миграция башкармалыгынын башчысы доктор Саваш Үнлү тарабынан уюштурулган иш-чарага Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Оливер Вархели, Европарламенттин (ЕП) мүчөлөрү, ЕБ мекемелеринин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Экономикалык өнүгүү фондунун (İKV) президенти Айхан Зейтиноглу жана Эл аралык Миграция саясатын өнүктүрүү борборунун (ICMPD)  башкы директору Майкл Шпинделеггер катышты.

Каймакжы тартипсиз миграциянын дүйнөнүн жана Европанын орток сыноосу экенин, миграцияны башкаруунун комплекстүү бир чечимди талап кылганын баса белгиледи.

Булак өлкөлөр, транзиттик өлкөлөр жана максатталган өлкөлөр үчүн адилет жоопкерчилик жана жүктү бөлүштүрүүгө негизделген стратегияга муктаждык бар экенине көңүл бурган Каймакжы, кызматташтык үчүн аракеттердин Евробиримдиктин чек араларынан эмес, Европанын чыгыш жана түштүк-чыгыш чек арасын түзгөн Түркия-Иран-Ирак-Сирия чек арасынан башталышы керектигин баса белгиледи.

Ушул күнгө чейин Сирияга 560 миңге жакын ыктыярдуу кайтып келгенин эске салган Каймакжы, Европа Биримдиги менен Түркиянын ыктыярдуу, коопсуз жана татыктуу кайтууну кубаттаган жана жеңилдеткен орток саясаттарды кабыл алышынын «18-Март» келишиминин да бир талабы экенине көңүл бурду.



Тектеш кабарлар