Араб дүйнөсүнөн Түркия менен Египеттин дипломатиялык карым - катнаштарына колдоо

Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Араб Лигасы жана Араб Парламенти Түркия менен Египеттин дипломатиялык карым-катнаштарын элчилик деңгээлине көтөрүшүн кубатташты.

2007498
Араб дүйнөсүнөн Түркия менен Египеттин дипломатиялык карым  - катнаштарына колдоо

Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Араб Лигасы жана Араб Парламенти Түркия менен Египеттин дипломатиялык карым-катнаштарын элчилик деңгээлине көтөрүшүн колдошту.

Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта аймак өлкөлөрүнүн жана элдеринин пайдасына жасалган бул дипломатиялык кадамдын аймактык жана эл аралык деңгээлде коопсуздукту жана тынчтыкты арттырып, орток кызыкчылыктарга кызмат кылаары белгиленди.

Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө эки өлкөнүн ортосундагы келишимге жогору баа берилип, бул маанилүү кадамдын байланыш жана диалог көпүрөлөрүн, аймактагы туруктуулукту жана конструктивдүү кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошо тургандыгы айтылды.

Билдирүүдө : «Египет  -  Түркиянын ортосундагы  карым-катнаштар аймактык жана эл аралык деңгээлдеги тынчтыкты жана өнүгүүнү бекемдеп, эки өлкөнүн жана элдердин орток кызыкчылыктарына кызмат»,-деп айтылды.

Араб Лигасынын баш катчысы Ахмед Абу Гайт да Египет менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштардын жакшырышына жана эки өлкөнүн ортосундагы элчини кайра дайындоо чечимине ыраазы экенин билдирди. |

Араб парламенти жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Египет менен Түркиянын дипломатиялык карым – катнаштарын элчилик деңгээлине көтөрүшүн «оң кадам» деп мүнөздөдү.

Билдирүүдө бул кадамдын Жакынкы Чыгышта ырааттуулуктун камсыздалышына жана аймак өлкөлөрү туш болгон кризис жана көйгөйлөрдүн чечилишине чоң салым кошо тургандыгы баса белгиленди.

Түркия менен Египеттин ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын элчилик деңгээлине көтөрүлгөнү жарыяланды.

Түркия менен Египеттин биргелешкен билдирүүсүндө Түркиянын Каир элчилигине Салих Мутлу Шенди жана Египеттин Анкара элчиси кызматына Амр Элхамаминин талапкерлигин көрсөткөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар