Түркиянын Франциядагы элчиси окуяларды кылдат байкап жаткандарын айтты

Түркиянын Париждеги элчиси Онанер Франциядагы окуяларды жакындан байкагандарын айтты

2006984
Түркиянын Франциядагы элчиси окуяларды кылдат байкап жаткандарын айтты

Түркиянын Париждеги элчиси Али Онанер, Францияда Алжир тектүү жаш айдоочунун полиция тарабынан өлтүрүлүшү менен башталган окуяларды жакындан байкап жаткандарын айтты.

Францияда 27-июнда Нантер шаарында полиция Наэл М. өлтүрүлгөндөн кийин нааразылык акциялары өтүп жатат.

Түркиянын Париждеги элчиси Онанер Франциядагы окуяларды жакындан байкагандарын айтып: «Биз жарандарыбыздын эч кимиси (Францияда) бул окуялардан жапа чекпөөсү же жабыркабашы үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз»,-деди.

Демонстрацияларда кармалгандардын арасында кош жарандуулукка ээ түрктөр бар болсо жергиликтүү бийликтердин аларга маалымат берүүгө милдеттүү эмес экенин билдирген Онанер, мындай учурда жарандардын жакындарынын элчилик менен байланышып, колдоо сурашынын мүмкүн экенин айтты.

Элчи Онанер: «Учурда колубузда болгон маалыматтар менен кармалган түрк жараны жок деп айта алабыз»,-деди.

Окуялардын соңуна чыгышын каалаганын билдирген Онанер: «Түрк жарандарынын Франциядагы ишканаларынын талап-тоноочулуктан жабыркабашы үчүн биз да кылдат байкоо жүргүзүүбүздү улантып жатабыз»,-деди.

Окуялардын көбөйүп жатканына жана мунун тынчсыздандырган жагдай экенине көңүл бурган Онанер, элчиликтин Францияда болгон же Францияга бара жаткан түрк жарандары үчүн саякат эскертүүсүн чыгарганын эске салды.

Онанер эскертүүнүн алкагында жарандарга бул иш-аракеттер болгон аймактардан алыс болууга кеңеш бергендерин белгилеп, элчилик же француз бийлигинин билдирүүлөрүнө баш ийүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар