Түркиянын Париждеги элчилиги жарандарды эскертти

Түркиянын Париж элчилиги Франциядагы түрк жарандары же бул жакка саякатка бара турган кишилерди жалпы өлкөгө жайылган зордук - зомбулукка каршы этият болууга чакырды.

2005659

Элчиликтин билдирүүсүндө, полициянын ок атуусу менен Наэл М. аттуу жаш айдоочу каза болгондон кийин өлкөдө болуп жаткан  митингдерден улам транспорт жана коомдук кызматтарда  үзгүлтүктүн болгондугу, коомдук имараттар, менчик мүлк жана инфраструктурага зыян келтирилген зомбулук кыймылдарынын болгондугу белгиленди. 

Билдирүүдө : "Бул окуяларга көңүл буруу менен Париж жана Франциядагы жарандарыбызды же Францияга саякатка келе турган жарандарыбыздын митинг аянттары жана жакын чөйрөлөрүнөн алыс болууларын, абалдар тууралуу жергиликтүү мекемелер менен Париж элчилигибиздин жана консулдугубуз аркылуу маалымат алуулары сунуш кылынат.

Францияда жашаган же бул өлкөгө саякат пландаган жарандарыбыздын өзгөчө кырдаалдарда консулдуктун чалуу борборлоруна кайрылуулары керек",- деп билдирилди. 

Жарандар кайрыла ала турган телефон номерлери билдирүүдө төмөндөгүчө бөлүшүлгөн:

Консулдук байланыш борбору Франциядан +33 180 146335, Түркиядан +90 312 292 29 29.

Тектеш кабарлар