Седат Өнал Түркиянын ПКК/ЙПГдан келген коркунучту жок кылууда чечкиндүү экендигин айтты

Элчи Өнал, Сириядагы саясий окуялар жана гуманитардык абал талкууланган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин  жыйынында сөз сүйлөдү.

2005409
Седат Өнал Түркиянын  ПКК/ЙПГдан келген коркунучту жок кылууда чечкиндүү экендигин айтты

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү, элчи Седат Өнал Түркиянын жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГдан келген коркунучту жок кылуу, жарандарын жана чек араларын коргоо үчүн бардык кадамдарды таштоодо чечкиндүү экенин айтты.

Элчи Өнал, Сириядагы саясий окуялар жана гуманитардык абал талкууланган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин  жыйынында сөз сүйлөдү.

Өткөн аптада болгон Сирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрүндө Сириянын жеринин бүтүндүгүн жана улуттук биримдигин сактоо зарылдыгын белгилегенин эске салган Өнал, жикчил күн тартиби менен террордун бардык түрү жана көрүнүштөрү менен күрөшүүнүн маанисине басым жасалганын белгиледи.

Өнал: «Террордук уюм ПКК/ЙПГ Сирияда өлкөнүн ырааттуулугун жана жеринин бүтүндүгүн эле эмес, биздин дагы  улуттук коопсуздук кызыкчылыктарыбызды коркунучка салууда»,-деди.

Террордук уюмдун ушул жылдын башынан бери Тел-Рыфат жана Манбижден Түркияга жана Сириядагы оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарга 67 кол салуу жасаганына көңүл бурган Өнал Түркия, эл аралык укук жана эл аралык гуманитардык жактан алган милдеттенмелерине ылайык түрдө  террордук уюм ПКК/ЙПГ туудурган коркунучту жок кылуу, жарандарын жана чек араларын коргоо үчүн бардык керектүү чараларды көрүүдө чечкиндүү экендигине басым жасады.  

Сирияда гуманитардык абалдын начарлаганына көңүл бурган Өнал 6-февралдагы Кахраманмараш жер титирөөсүнүн кесепеттеринин уланып жаткандыгын айтты.

Өнал БУУнун чек арадан өткөн жардам механизминин өзгөчө жер титирөөдөн эң көп жабыр тарткан Сириянын түндүк-батышындагы миллиондогон сириялыктар үчүн бир гана жашоо булагы экенин белгилеп : «Ушул себептен Коопсуздук Кеңешинин механиздин кызмат мөөнөтүн  12 айлык мөөнөт менен узартышы орчундуу мааниге ээ»,- деди.



Тектеш кабарлар