Курман айт майрамы өлкө боюнча белгиленүүдө...

Курман айт майрамы өлкө боюнча белгиленүүдө...

2004811
Курман айт майрамы өлкө боюнча белгиленүүдө...
bayram namazı.jpeg

Курман айт майрамы өлкө боюнча белгиленүүдө...

Жарандар айт намазын окуу үчүн бардык шаарлардагы мечиттерге агылды.

Айрыкча Стамбулдагы Аясофья-и Кебир мечити түнкү сааттан баштап толо баштады.

Борбор калаа Анкарада эртең мененки сааттарда айт намазы үчүн көчөлөрдө кыймыл башталып, жарандар мечиттерге толду.

Бардык шаарларда намаздан кийин жарандар мечиттердин алдында бири-бирин куттукташты.

Курман айттын башталышы менен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү мусулмандар айт намазы үчүн мечиттерди толтурушту.

Түркмөнстандын борбору Ашхабаддагы Эртугрул Гази мечитине барган жүздөгөн мусулман мечитте орун калбай калганда бакчасын толтурду. Президент Сердар Бердымухамедов куттуктоо билдирүүсүндө өлкө элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Өлкөдө Курман айт майрамына байланыштуу 28-30-июнь эс алуу күнү деп жарыяланды.

Азербайжанда борбор калаа Бакуда мечиттерди толтурган эл Айт намазынан кийин тарап кетишти.

Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев да Курман айт майрамы менен куттуктоосун жарыялады.

Израилдин басып алуусу астындагы Чыгыш Кудстун Эски шаарында жайгашкан Месжид-и Аксада он миңдеген мусулман Курман айт намазын окушту. Кудс Ислам фонддор башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, Айт намазы 100 миңге жакын киши менен Месжид-и Аксада окулду.

Германиянын канцлери Олаф Шольц менен ички иштер министри Нэнси Фазер да Twitter баракчасы аркылуу мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттукташты.

Япониядагы мусулмандар баш калаадагы Токио мечитин Курман айт майрамына карата толтурду.

Босния-Герцеговинанын борбор шаары Сараеводогу тарыхый Гази Хүсрев Бей мечити да айт намазын окуу үчүн келген жүздөгөн мусулмандарды кабыл алды.

Сербиянын борбор шаары Белграддын жалгыз мечити Байраклыда мусулмандар айт намазына чогулду. Босния калкы жыш отурукташкан Санжак аймагындагы мечиттер да айт намазына толуп турду.

Хорватиянын борбор шаары Загреб менен бирдей аталыштагы мечитке барган мусулмандар айт намазынан кийин бири-бири менен майрамдашты.

Түндүк Македонияда Курман айт майрамынан улам борбордук азем Түндүк Македония Ислам Биримдигинин (Дин иштери) көзөмөлүндө борбор шаар Скопьедеги Мустафа Паша мечитинде өткөрүлдү. Программанын алкагында түрк, албан жана босниялык гимндер ырдалды.

Албанияда бул майрамда салттуу түрдө борбор шаар Тирананын Скандербег аянтында көптөгөн мусулмандардын катышуусунда борбордук программа аткарылды.

Косоводо мусулмандар Курман айт майрамына карата мечиттерге толду. Борбор калаа Приштинадагы борбордук азем Косово Ислам биримдигинин президенти Наим Тырнаванын катышуусу менен Фатих Султан Мехмет мечитинде өттү.

Нидерландияда мусулмандар эртең менен айт намазы үчүн шаардагы мечиттерге агылды.



Тектеш кабарлар