Эрдоган Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Пашинян түрк элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

2005000
Эрдоган Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Пашинян түрк элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

Президент Эрдоган да Курман айттын бүткүл адамзатка, өзгөчө аймакка тынчтык, бейпилдик жана молчулук алып келүүсүн тилегенин айтты.

Эки тараптуу карым-катнаштар да талкууланган сүйлөшүүдө Эрдоган Түркия менен Армениянын ортосунда толук нормалдашуу максаты менен башталган процессте ушул убакка чейин ишенимди бекемдөөчү кадамдар ташталганын жана мунун алдыдагы мезгилде да улантылышы керектигин айтты.



Тектеш кабарлар