Хакан Фидан Черногорияда

Түркиянын Черногория менен тарыхый, гуманитардык, саясий жана маданий байланыштарынын бар экенин баса белгилеген Фидан, бул күчтүү байланыштардын экономика тармагында да тереңдеп баратканын айтты.

2004679
Хакан Фидан Черногорияда
Ervin İbrahimovic-Hakan Fidan.jpg
hakan fidan karadag.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркия менен Черногориянын ортосундагы соода көлөмүнүн ушул жылдын аягына чейин 250 миллион долларга жетишин күтүшкөндөрүн айтты.

Фидан Түштүк-Чыгыш Европа Кызматташтык Процесси (SEECP) саммитине катышуу үчүн барган Черногорияда  түрк соода палатасынын ачылышында сөз сүйлөдү.

Түркиянын Черногория менен тарыхый, гуманитардык, саясий жана маданий байланыштарынын бар экенин баса белгилеген Фидан, бул күчтүү байланыштардын экономика тармагында да тереңдеп баратканын айтты.

" Биз соодагерлерибиз тарабынан белгиленген 250 миллион долларлык соода көлөмүбүзгө ушул жылдын аягына чейин жетүүнү күтүп жатабыз",- деди.

Фидан Черногорияда өзгөчө энергетика, туризм, инфраструктура, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, токой чарбасы, байланыш жана информатика сыяктуу тармактарда инвестиция потенциалы бар экениндигин  белгиледи.

Жарандык авиация тармагында да кызматташтыкты тереңдеткендерин белгилеген Фидан, жумалык каттамдарын 14төн 17ге көбөйткөн Түрк аба жолдорунун (THY) 100 миңден ашуун үчүнчү өлкө туристтин Черногорияга ташыгандыгын,  Пегасус аба жолдроунун да  19-июлдан тарта каттамдарын баштай тургандыгын айтты. 

Тышкы иштер министри Фидан жолугушууларынын алкагында Черногориянын вице-премьер-министри жана Босния партиясынын төрагасы Эрвин Ибрахимович менен жолугушту.

Министрликтин Твиттер баракчасында: «Министрибиз Босния партиясын тарыхый шайлоодогу ийгилиги менен куттуктады жана Черногориялык бошняк  боордошторубузду колдоону уланта турганыбызды баса белгиледи",- деп айтылды.

Хакан Фидан борбор калаа Подгорицада Черногория Ислам биримдигинин төрагасы Рифат Фейжич тарабынан уюштурулган Курман айт кабыл алуусуна да катышты.



Тектеш кабарлар