Түркия менен Швециянын жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болот
НАТОнун баш катчысы Столтенберг Вильнюс сапары учурунда журналисттерге маалымат берип жатып айтты.
Литванын борбор шаары Вильнюста 11-12-июлда боло турган НАТО саммитинен мурда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Түркия менен Швеция жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрөт.
НАТОнун баш катчысы Столтенберг Вильнюс сапары учурунда журналисттерге маалымат берип жатып, июль айында Вильнюста боло турган НАТО саммитинен мурда Түркия менен Швециянын Брюсселде Швециянын НАТОго ыктымал катышуусуна байланыштуу жогорку деңгээлдеги жыйын өткөрө турганын айтты.
Столтенберг: «Бул жыйынга тышкы иштер министрлери, чалгын кызматтарынын жетекчилери жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилер катышат. Максат Швециянын НАТОго мүчөлүгүн аяктоодо прогресске жетишүү», - деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган: «Нетаньяху геноцид ыкмалары менен Гитлерди да кызгандыра турган деңгээлге жетти»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын Kathimerini гезитине маек берди.