Түркия - АКШнын стратегиялык механизминин алкагындагы кеңешүү жыйыны бүгүн Вашингтондо өткөрүлөт

Түркия-АКШ стратегиялык механизми борбор шаар Анкарада 2022-жылдын апрель айында ишке киргизилген.

2003672
Түркия - АКШнын  стратегиялык механизминин алкагындагы кеңешүү жыйыны бүгүн  Вашингтондо өткөрүлөт

Түркия-Америка Кошмо Штаттарынын стратегиялык механизминин алкагындагы кеңешүү жыйыны бүгүн АКШнын борбор шаары Вашингтондо өткөрүлөт.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Тышкы иштер министринин орун басары элчи Бурак Акчапар баштаган мекемелер аралык делегациянын АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий иштер боюнча орун басары Виктория Нуланд жана АКШнын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен кеңеше турганы белгиленди.

Билдирүүдө : «Кеңешүүдө эки тараптуу карым-катнаштар менен бирге аймактык маселелер жана эл аралык өнүгүүлөр каралат»,- деп айтылды.

Түркия-АКШ стратегиялык механизми борбор шаар Анкарада 2022-жылдын апрель айында ишке киргизилген.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 21-июнда Британиянын борбор шаары Лондондо жолугушту.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байдендин ортосунда өткөн жылы Италиянын Рим шаарында болгон жолугушууда жетишилген макулдашууга ылайык Түркия-АКШ стратегиялык механизми борбор шаар Анкарада 2022-жылдын 4-апрелинде ишке киргизилген.



Тектеш кабарлар