Хакан Фидан Лондондо

Конференцияга Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин да онлайн катышаары айтылды.

2002287
Хакан Фидан Лондондо

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Украинаны калыбына келтирүү конференциясына катышуу үчүн Британияга барды.

Министр Фидандын борбор шаар Лондондо эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүшү күтүлүүдө.

Фидан катыша турган конференцияда, Украинаны өнүктүрүү жана согуштан кийинки калыбына келтирүү маселелери талкууланат.

Эки күндүк иш-чара эл аралык коомчулукту бириктирет.

Конференцияга Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин да онлайн катышаары айтылды.

Тышкы иштер министрлиги, министр Фидандын Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн да билдирди.

Липавскийдин тышкы иштер министри Хакан Фиданды жаңы кызматы менен куттуктаганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар