Фидан Украинаны калыбына келтирүү конференциясына катышат
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Фидандын бул конференцияда эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүүсү көздөлүүдө.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан 21-22-июнь күндөрү Англиянын борбор шаары Лондондо өтө турган 2023-жылы Украинаны калыбына келтирүү конференциясына (URC2023) катышат.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Фидандын бул конференцияда эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүүсү көздөлүүдө.
Англия жана (2022-жылдын 24-февралынан бери Орусия менен согушуп жаткан) Украина биргелешип уюштура турган Украинаны калыбына келтирүү конференциясы, акыркысы Луганодо Швейцария менен бирге өткөрүлгөн жылдык иш-чаралардын уландысы болуп саналат.
Бул конференциялар Украинанын өнүгүүсүнө жана согуштан кийин кайрадан курулуусуна багытталууда.
Эл аралык коомчулукту бириктире турган конференциянын ачылыш сөзүн Англиянын премьер-министри Риши Сунак менен иш-чарага онлайн катыша турган Украинанын президенти Владимир Зеленский ишке ашырат. Украинанын премьер-министри Денис Шмигал да конференциянын ачылышында сөз сүйлөйт.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Евробиримдик (ЕБ) комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Леяйен жана Япониянын тышкы иштер министри Хаяши Йосимаса конференцияга катыша турган жогорку деңгээлдеги ысымдардын арасында.
Эл аралык каржы мекемелери, бизнес өкүлдөрү жана бейөкмөт уюмдар да катыша турган конференцияда, Украинада жеке каржыны мобилизациялоо үчүн инвестиция мүмкүнчүлүктөрү жана тобокелдиктерди азайтуу механизмдери, ошондой эле өлкөнүн адамдык капиталын жакшыртууга багытталган инвестициялар талкууланат.
Тектеш кабарлар
Эрдоган жаңы конституцияга басым жасады
Эрдоган борбор шаар Анкарада Мамлекеттик Кеңештин түзүлгөнүнүн юбилейлик аземинде сөз сүйлөдү.