Эрдоган : "Экспортубузду бул жылдын акырында 265 миллиард долларга жеткирүүнү каалайбыз"

Эрдоган Стамбулда Түркия экспортчулар биримдигинин кезектеги  30 -  жалпы кеңеши жана экспорттун чемпиондору сыйлыгы аземинде сөз сүйлөдү.

2000971
Эрдоган : "Экспортубузду бул жылдын акырында  265 миллиард долларга  жеткирүүнү каалайбыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын экспортун бул жылдын акырында  265 миллиард долларга жеткирүүнү каалагандарын айтты.

Эрдоган Стамбулда Түркия экспортчулар биримдигинин кезектеги  30 -  жалпы кеңеши жана экспорттун чемпиондору сыйлыгы аземинде сөз сүйлөдү.

“Дүйнөлүк экономикалык терс көрүнүштөргө карабастан, биз экспортубузду бул жылдын аягында 265 миллиард долларга, келерки жылы 285 миллиард долларга жеткирүүнү каалайбыз”,- деген президент: «2028-жылга карата экспорт максатыбыз 400 миллиард доллар жана андан жогору чыгаруу»,- деди.  

Эрдоган : "Түркиянын акыркы 21 жылда тышкы саясатта таштаган кадамдары экспортубузга да таасирин тийгизди. Африкадагы элчиликтерибиздин саны 12ден  44кө өссө, соода көлөмүбүз 4,3 миллиард доллардан 40 миллиард долларга жетти.

Латын Америкасындагы элчиликтерибиздин саны 6дан 18ге жетип, соода көлөмү 800 миллион доллардан 17,4 миллиард долларга жетти. 2019-жылы Азия демилгесин кайрадан жарыялагандан бери континент менен болгон соодабыз 40 пайызга өстү»,- деди.

 



Тектеш кабарлар