Түркия Улуу Улуттук Парламентинин иштөө мөөнөтү узартылды
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин иштөө мөөнөтүнүн узартылгандыгына байланыштуу чечим Расмий гезитте жарыяланды.
2000681
1 – июлда эс алууга чыгышы керек болгон Түркия Улуу Улуттук Парламенти ишин улантат.
Конституциянын 93-беренесине жана Түркия Улуу Улуттук Парламентинин Регламентинин 5-беренесине ылайык, 2023-жылдын 1-июлунда ишемби күнү эс алууга чыгышы керек болгон Түркия Улуу Улуттук Парламенти эс алууга чыкпастан, ишин улантууга, 2023 – жылдын 13 - июнунда жалпы кеңештин 4 - жыйынында чечим чыгарылды.