Эрдоган: «Түркия кылымы бир эле убакта Түрк дүйнөсүнүн да кылымы болот»

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээки Азербайжанга жасаган сапары тууралуу социалдык медиа баракчасынан маалымат бөлүштү.

1999406
Эрдоган: «Түркия кылымы бир эле убакта Түрк дүйнөсүнүн да кылымы болот»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия кылымы түрк дүйнөсүнүн да кылымы болоорун айтты.

Эрдоган кечээки Азербайжанга жасаган сапары тууралуу социалдык медиа баракчасынан бөлүшүп: «14 жана 28-майдагы шайлоолордон кийин Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен бирге биринчи сапарыбызды Азербайжанга жасап, тилектештигибизди көрсөттүк. Кудай достугубузду жана бир туугандыгыбызды кут кылсын. Түркия кылымы бир эле убакта Түрк дүйнөсү кылымы да болот деп ишенем»,-деп айтты.

Түрк Мамлекеттер Уюмунун институттук дараметин күчтөндүрүү үчүн талыкпай иштеп жатышканын баса белгилеген Эрдоган: «Түркия жана Азербайжан катары Чыгыш менен Батыштын ортосунда стратегиялык позициябыз бар. Соодадан энергетикага, коргонуу өнөр жайынан транспортко чейин бир туугандыгыбызга жарашчу бардык тармакта кызматташуубуз тереңдейт. Азербайжан менен Армения Тынчтык келишимине кол коюу менен биздин аймак алда канча гүлдөп өнүккөн шарттарга жетишет. Менин бир тууганым Илхам менен толук координациялуу жана биргелешкен түрдө бул диалог процессин жүргүзүп жатабыз. Бул байланыштардын оң натыйжасын жакынкы келечекте көрөбүз деп ишенем. Бизге «эки мамлекет, бир улут» деген ураан калтырган Азербайжандын улуу лидери Гейдар Алиевди туулгандыгынын 100 жылдыгында ырайым жана ыраазычылык менен эскеребиз. Биз Музаффер Али башкы командачы, менин бир тууганым президент Илхам Алиев менен кол кармашып, ар бир тармакта мамилелерибизди чын жүрөктөн өнүктүрөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар