Эрдоган ТКТР менен Азербайжанга барат

Президент Эрдоган 28-майдагы шайлоодо кайра шайлангандан кийин биринчи чет өлкө сапарын Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасайт.

1998274
Эрдоган ТКТР менен Азербайжанга барат
erdoğan.jpeg

Президент Режеп Таййип Эрдоган мамлекеттик салт боюнча президенттик шайлоодон кийин алгачкы чет өлкө сапарын Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) жана Азербайжанга жасайт.

Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий сапар менен барган Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы жолугушууларынын алкагында Левкошадагы «Ататүрк» эстелигине зыярат кылып, гүлчамбар койду.

Президенттикке кайра шайлангандан кийин алгачкы чет өлкө сапары үчүн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын борбору Левкошага барган Эрдоган, «Ататүрк» эстелигин зыярат кылды.

Эстеликке гүлчамбар коюп, эскерүү китебине кол койгон президент Эрдоган андан кийин өзүн күтүп жаткан жарандар менен учурашты.

Андан соң Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар менен жолугушту.

Президенттик сарайда эки лидердин бетме-бет жолугушуусу 1 саатка жакын созулду.

Жыйынга Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Үнал Үстел менен энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​да катышты.

Жолугушууларда Кипрге байланыштуу келечекте таштала турган кадамдарга баа берүүлөр жана Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалдардын каралды.

Президент Эрдоган Азербайжанга сапарынын алкагында президент Илхам Алиев менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрөт.

Эки тараптуу карым-катнаштарды өнүктүрүү үчүн ташталуучу кадамдар жана кызматташтык багыттары карала турган жолугушууларда аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышат.



Тектеш кабарлар