Orient Express Түркияга келди
Поезддин 57 жүргүнчүсүн станцияда элдик бий тобу тосуп алды.
1996593
Франциянын борбор шаары Парижден жолго чыккан тарыхый Venice Simplon Orient Express поезди Капыкуле станциясынан Түркияга кирди.
Британ детектив адабиятынын маанилүү жазуучуларынан Агата Кристинин «Чыгыш экспрессинде кылмыш» романынын да темасы болгон поезд Будапешт жана Бухарестке токтогондон кийин Түркияга жетти.
Поезддин 57 жүргүнчүсүн станцияда элдик бий тобу тосуп алды.
Концертти кызыгуу менен көргөн жүргүнчүлөр элдик бий тобун коштоп бийлешти.
Поезд паспорт жана бажы процедураларынан кийин акыркы аялдамасы Стамбулга жөнөп кетти.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.