Хасановдон Акарга рахмат, Гүлерге куттуктоо...

Хасанов өз билдирүүсүндө Акарга өзүнүн жана Азербайжан армиясынын кызматкерлеринин атынан кызмат учурундагы биргелешкен иш-чаралары үчүн ыраазычылык билдирди. Хасанов ошондой эле бул кызматка келе турган улуттук коргоо министри Яшар Гүлерди куттуктады.

1995045
Хасановдон Акарга рахмат, Гүлерге куттуктоо...

Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов, улуттук коргоо министри Хулуси Акарга ыраазычылык катын жолдоду, ал өз милдетин жаңы кесиптеши Яшар Гүлерге өткөрүп берет.

Хасанов өз билдирүүсүндө Акарга өзүнүн жана Азербайжан армиясынын кызматкерлеринин атынан кызмат учурундагы биргелешкен иш-чаралары үчүн ыраазычылык билдирди.

Акардын Түркия менен Азербайжандын ортосундагы аскердик кызматташтыктын илгеришине, Азербайжан армиясынын өнүгүшүнө жана согуштук жөндөмүнүн жогорулашына ар дайым чоң салым кошконун баса белгилеген Хасанов: «Сиз ар дайым азербайжан элине жана биздин армияга жерибизди баскынчылардан сактап калуу үчүн болгон ата-мекендик согушта моралдык колдоо көрсөтүп келдиңиз. Сиз Азербайжанды жана Азербайжан армиясын дайыма сүйүп келгенсиз. Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы ишмердүүлүгүңүздө боордош эки өлкөнүн армиясын чыңдоо үчүн болгон күчүңүздү аябайсыз деп ишенем. Сиздерди өз атымдан жана Азербайжан армиясынын жеке курамынын атынан куттуктайм жана мындан аркы ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм»,-деди.

Хасанов ошондой эле бул кызматка келе турган улуттук коргоо министри Яшар Гүлерди куттуктады.

Хасанов куттуктоосунда Гүлердин Башкы штабдын төрагалыгы кезинде Азербайжан армиясынын өнүгүшүнө жана согуштук жөндөмүнүн жогорулашына колдоосун аябаганын белгиледи.

Гүлердин улуттук коргоо министри болуп турганда биргелешкен иш-аракеттердин жогорку деңгээлде улана турганына ишенгендигин баса белгилеген Хасанов:«Түркия менен Азербайжандын армияларынын ортосундагы кызматташтыктын мындан ары да өнүгүшүнө жана бекемделишине чоң салым кошосуз деп ишенем.Сизди өзүмдүн жана Азербайжан армиясынын жеке курамынын атынан куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүңүздө чоң ийгиликтерди каалайм»,-деди.



Тектеш кабарлар