Эрдоган ант берди

Экинчи туру 28 -  майда болгон президенттик шайлоодо кайрадан президент болуп шайланган президент Режеп таййип Эрдоган Түркия Улуу Улуттук Парламентинде ант берди.

1994885
Эрдоган ант берди

Экинчи туру 28 -  майда болгон президенттик шайлоодо кайрадан президент болуп шайланган президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия Улуу Улуттук Парламентинде ант берди.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин убактылуу спикери сыпаты менен аземди ачкан Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели оболу президент Эрдоганга мандатын тапшырды. Андан кийин Эрдоган жалпы кеңеште ант берди.

Ушундайча Эрдоган 2028 -  жылга чейин  уланта турган ишин расмий түрдө баштады.

Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги аземге дүйнөнүн кызыгуусу чоң болду.

Аземге НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Венесуэланын президенти Николас Мадуро, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да катышты.

Ант берүү аземине Сомали, Алжир жана Балкан өлкөлөрүнөн катышуу президент деңгээлде болду.

Аземге кээ бир өлкөлөрдөн тышкы иштер министрлери катышса, Эрдогандын ант берүү аземине АКШдан элчи Жеффри Флейк катышып, Россиянын атынан Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин катышты.

Ант берүү аземинен киийн Эрдоган Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган Аныткабирге барып, атайын дептерге : "Алдыбыздагы 5 жылда Түркия кылымы көз карашыбызды турмушка ашыруу үчүн иштөөнү улантабыз",- деп жазды. 

Президент Эрдоган  чет элдик коноктордун урматына Түркия убактысы боюнча саат 19 :00дө Чанкая сарайында кечки сый тамак берет.

Тамактан кийин президент Эрдогандын жаңы кабинет мүчөлөрүн билдирүүсү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар