Мевлүт Чавушоглу Швецияга чакыруу салды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Швецияны үч тараптуу меморандумдан келип чыккан милдеттенмелерин аткарууга жана террор менен күрөшүүдө конкреттүү кадамдарды таштоого чакырды.

1994366
Мевлүт Чавушоглу Швецияга чакыруу салды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Швецияны үч тараптуу меморандумдан келип чыккан милдеттенмелерин аткарууга жана террор менен күрөшүүдө конкреттүү кадамдарды таштоого чакырды.

Чавушоглу Твиттердеги билдирүүсүндө Норвегиянын борбор шаары Ослодо өткөрүлгөн НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына байланыштуу Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстремдун билдирүүлөрүнө жооп берди.

Министр Чавушоглу билдирүүсүндө: «Швециялык досторубузга абдан ачык билдирүү! Үчтүк меморандумдан келип чыккан милдеттенмелериңерди аткаргыла жана террор менен күрөшүүдө конкреттүү кадамдарды таштагыла Ошондо гана башка маселелер чечилет»,-деди.

Биллстрем, Твиттерде жыйын тууралуу билдирип : "Бүгүн (кечээ) Ослодо өткөн НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны мүчө мамлекеттердин Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө күчтүү колдоосун көрсөттү. Бул Түркия менен Венгрияга Швециянын НАТОго киришин бекитүү процессин баштоо жөнүндө ачык билдирүү", - деген.



Тектеш кабарлар